Марал Радиосу

Бишкектин бир нече көчөсү жабылат

Бүгүн, 31-декабрда «Ала-Тоо» аянтында өтө турган жаңы жылдык майрамга байланыштуу Бишкектин борборундагы бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Борбордук аянттагы майрамдык иш-чара кечки саат 17:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин болот. Бул учурда Чүй проспектиси Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, ошондой эле Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

31-декабрдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык концерт өтөт. Негизги салтанат 31-декабрда саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында болуп, концерттик программа менен коштолот.

Бишкектин мэри шаардагы окуялар учурунда коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, укук коргоо органдарына шаарда, өзгөчө шаардыктар көп топтолгон жерлерде тартипти көзөмөлдөөнү тапшырды.