Марал Радиосу

Ишкерлер Караколдо гемодиализ борборун ачышты

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди.

30-декабрда президент Садыр Жапаров борбордун иши менен таанышты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны жыл сайын өсүп, мурда сатылып алынган аппараттар эскирип калган.

Жеке компаниялардын бири тарабынан салынган Каракол шаарындагы жаңы гемодиализ борбору 70ке чейин бейтапты тейлей алат.

Мамлекет башчы сөз сүйлөп, келерки жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди.

Ал буга мүмкүнчүлүк бар экенин, анткени учурда мурда коррупциялык схемалар менен тонолгон каражаттар мамлекеттин кирешесине айланып жатканын белгиледи.

Жапаров ошондой эле келерки жылы Ысык-Көл облусунда курулушу карала турган жаңы аймактык оорукананын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууну тапшырды.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын муктаждыктары үчүн тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Алар гемодиализ борборунун бейтаптарын да тейлейт.

Жалпысынан Жапаров саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасын белекке берди.

Бул борборду куруу жана жабдуу менен жеке компаниялардын бири алектенген. Учурда ишкананын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор бар, анын бешөө Балыкчы шаарында, алтоо Чолпон-Ата шаарында жайгашкан.

Exit mobile version