Марал Радиосу

Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды (видео)

Касым Тыныстанов жөнүндө кыска метраждуу тасма тартылып, «Этномедиа» Youtube каналына жарыяланды.

Тасманы Касым Тыныстанов фондунун тапшырыгы менен режиссёр Мурат Мамбетов тарткан. Сценарийин Азим Азимов жазса, баш каарман Касымдын ролун Илим Калмуратов, жубайы Турдубүбүнүн ролун Зарема Асаналиева ойногон.

Касым Тыныстанов — кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер, латын алфавитинин негизиндеги кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү (1927-1940).

«Академиялык кечелер» пьесасы жана башка кээ бир чыгармалары үчүн  улутчулдук жана буржуазиячылдык деп негизсиз айыпталган. 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.

Анын сөөгү кайра сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган.