Марал Радиосу

Жаңы жыл күндөрү «Улуттук электр тармагы» күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жыл күндөрү «Улуттук электр тармагы» ишканасынын энергетиктери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Бул күндөрдө борбордук аппараттын, бардык филиалдын жетекчилеринин, ошондой эле жооптуу адистердин вахтасы уюштурулат.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдарда тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык-оңдоо запасы даярдалды. Бардык оңдоп-түзөө топтору зарыл болгон запастык каражаттар менен камсыз болгон. Энергетика объектилерин коргоо чаралары күчөтүлгөн.

Буга чейин кыргызстандыктар 1-9-январга чейин эс ала турганы маалымдалган.