Марал Радиосу

Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, үч наристе чарчап калды

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда үй өрттөнүп, үч наристе чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ак-Суу районунун Каракол айылындагы үй өрттөнүп жатканы жөнүндө маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээ, 29-декабрда саат 15:15 чамасында келип түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү барып, өрттү саат 16:20да чектөөгө алышып, 22:33тө толук өчүрүп бүтүшкөн.

Чарчап калган наристелердин экөө эки жаштагы кыздар, бири беш жаштагы эркек бала болгон.

Турак үй толук күйгөн. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.