Марал Радиосу

Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Бул тууралуу «24 кж» маалымат агенттиги жазды.

Жыйындын жүрүшүндө айыпталуучу Турсунбек Бейшенбек уулу менен Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алинин адвокаттары жок экени белгилүү болду.

Айыпталуучу Курсан Асанов анын эки жактоочусу ооруп, дагы бирөө башка процессте жүргөнүн түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочу Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык айыпталуучулардын жактоочуларын алмаштырууну суранды. Прокурордун айтымында, эгерде жактоочу  үч жолудан ашык келбей калса, сот мамлекеттик жактоочуну дайындоого укуктуу.

Адвокат Тимур Султанов сот кесиптештеринин келбей калышынын себептерин такташы керектигин айтып, каршы чыкты. Ал белгилегендей, ушул эле Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, айыпталуучу жактоочуну өзү тандоого укуктуу экенин билдирди.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Адыл Эсенбаев аныктама окуп, ага ылайык, айыпталуучу Мухаммед-Али Асанов менен Турсунбек Бейшенбек уулуна мамлекет кепилденген юридикалык жардам аркылуу кошумча адвокаттар дайындалды.

Курсан Асанов 2019-жылдын 13-августунда кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимди жоготкону үчүн кызматтан алынган. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Exit mobile version