Марал Радиосу

«Омикрон» штаммына байланыштуу АКШда 700 каттам токтотулду

АКШда COVID-19дун «омикрон» штаммынын тездик менен көбөйүшү каттамдарга терс таасирин тийгизүүдө.

Учуу маалыматтарын түзгөн Flightaware.com сайтынын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 28-декабрда өлкө боюнча 700гө жакын каттам токтотулган. Андан тышкары дүйнө жүзү боюнча 2 миң 200 каттам токтотулуп, 2 миңден ашуун каттам кармалып турат.

Мындай токтотуулар Рождество майрамынан кийин саякатка чыгууну максат кылган жүргүнчүлөрдү кыйын абалда калтырды.

Америка Кошмо Штаттарында Рождество майрамдары жылдын эң көп саякаттоочу мезгили болуп саналат.