Марал Радиосу

Нарында айтылуу контейнер мектептин ордуна эки кабат имарат салынды

Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров орто мектебинин ачылышы өттү. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

150 орундуу, бардык заманбап шарты бар мектептин имаратын курууга 2019-жылы республикалык бюджеттен 57 млн 937 миң сом бөлүнүп берилип, курулуш иштерин «ЭМГ-Строй» ишканасы жүргүзгөн.

Учурда мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенип жатат.

Айта кетсек, 1971-жылы ашар жолу менен салынган мектеп имаратынын авариялык абалда экенине байланыштуу жергиликтүү бийлик 2019-жылы контейнерлерден мобилдүү мектеп тургузууга аргасыз болгон. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.