Марал Радиосу

Абиров: Бишкектиктердин жашоосун жакшыртканга аракет кылабыз (видео)

Парламенттик шайлоого Бишкектин №26 Ленин райондук округу боюнча катышып, депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин регламенти кабыл алынгандан кийин жаңы мыйзамдардын үстүнөн иштей баштаарын айтты.

Ал борбор калаанын тургундарынын жашоосун жакшыртууга багытталган иштерди жасайт.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт.

Ушул эле күнү төрага жана анын орун басарлары шайланат деп күтүлүүдө.