Марал Радиосу

ТИМ: ЕККУ майыптар коомуна материалдык жардам берди

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстандагы республикалык майыптар коомуна материалдык-техникалык жардам бергенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Майыптар окуган класстардын техникалык мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында берилген жабдууларды тапшыруу министрликтин жыйындар залында өттү.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ЕККУнун өкүлүнө министрликтин атынан ыраазычылык билдирип, бул өнөктүк майыптар коомунда тарбия алып жаткан жарандардын кесиптик жөндөмүн арттырууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Р. Казымова өлкө жарандары үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо жаатында кызматташууну уланта берерин айтты.