Марал Радиосу

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды. Жапаровдун учагы «Пулково» эл аралык аэропортуна конду.

Сапардын алкагында Жапаров Орусия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышат.