Марал Радиосу

Нурай Марс ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурай Марс Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Нурай Марс бул кызматка 18-майда дайындалган.

Ага чейин Улуттук банктын басма сөз кызматында иштеп келген.