Марал Радиосу

ИИМ: Иликтөөдө бир катар мыйзамсыз курал-жарак табылды

Ички иштер министрлиги  жаңы жылга карата «Арсенал» аталышындагы операция жүргүзүп жатат. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Операциянын негизги максаты: укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу.

Андан сырткары жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган, жоголгон жана уурдалган куралдарды жана ок-дарыларды аныктоо, алуу, коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде ок атуучу куралдарды колдонууга жана пайдаланууга жол бербөө максатында масштабдуу алдын алуу багытындагы иштер уюштурулууда.

Алдын алуу иш-чараларынын алкагында 3178 мергенчи жана 371 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерилди.

Текшерүү учурунда ок атуучу куралдарды сактоо шарттарынын 142 бузуусу аныкталган. Бүгүнкү күндө 131 даана ок атуучу курал, 125 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар убактылуу сактоого алынды. Жарандар 3 даана ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырышты.

Бул багыттагы иштер күчөтүлгөн режимде уланууда. Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Белгилей кетсек, куралын өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.