Кыргызстанда 29-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.