Марал Радиосу

Калктын ортоңку катмары канткенде көбөйөт?

Бийликтин башкы максаты карапайым элге көбүрөөк жардам берүү менен өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү экенин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында айтты. Бул багытта эл жөлөк пулду, пенсияны жана айлыкты көтөрүүнү, турак жай менен камсыздоону, документи жок үйлөрдү документтештирүү жана жер трансформациялоону талап кыларын белгиледи. Жакыр адамдарды азайтуу аракети кандай жүрүшү керек? Бул суроого алдыда кененирээк жооп издейбиз.

25-декабрда президент Садыр Жапаров бийликтин башкы максаты карапайым элге көбүрөөк жардам берүү менен өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү экенин Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Президент жыйында элди жакырчылыктан чыгаруу артыкчылыктуу багытка айланганын жар салды. Андан тышкары калктын жакыр катмарын колдоо катары 112 миң үй-бүлөгө электр энергиясын төлөөдө жеңилдик берилгенин кошумчалады.

«Балдар үйү, карылар үйүнүн шартын жакшыртуу максатында алардын тамагына мурда 110 сом бөлүнсө, азыр 220 сомдон карала баштады. Пенсия боюнча да тийиштүү жарлыкка кол койдум. Азыр орточо пенсия 6248 сомду түзөт. 711 миң пенсионердин жашоосун жакшыртуу максатында Акылбек Жапаровдун конкреттүү сунуштары бар. Биз карапайым элге көбүрөөк жардам берели деп жатабыз. Максат: өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү. Жакыр жашаган катмардын саны жыл сайын азайып, орто катмардагылар көбөйүшү керек». 

Президент Садыр Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого багытталган даректүү жардамдын көлөмү 1-октябрдан баштап 50га өсүп, буга чейин 4000 сомдон алып келишкен болсо, эми 8000 сомдон бериле баштаганын маалымдады.

Президенттин бул аракетин көз карандысыз серепчи Нурбек Муктар эң арзан популизм деп эсептейт. Анткени жардамдын көлөмүн эки эсе көтөрүү «даң» деп катуу угулат, бирок бюджетке түшкөн оордугу тамчы сыяктуу. Себеби калктын аялуу катмарынын саны аз.

«Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык түзүмүндө ортоңку катмар 40-60%ды түзөт. Экономиканын «драйвери» — ортоңку катмар. Ортоңку катмар деп муздаткычы бузулса, ойлонбой сатып ала алган, жаңы машина алам десе, машина ала алган катмарды айтат. Ортоңку катмарды көбөйтүү үчүн чоң экономикалык реформаларды жасоо керек. Инвестицияларды тартып, көптөгөн ишканаларды ачуу керек. Мыйзамдарды аларга багыттап тууралоо керек. Азыр болсо жаңы Салык кодекси кабыл алынат деп аймактардын баары көтөрүлүп, ишкерлер көтөрүлүп, абал оор болуп жатса, күчүңөрдү бизден чыгара бересиңерби деген маселе болуп жатат. Ортоңку катмарды көтөрүү үчүн бизнесмендерге колдоо кылуу керек болчу. «Биз силерге эмне кылып бере алабыз, эмне жасасак өнүгүү болот?» деп сурашы керек болчу. Мен азыр ишкерлерден «Маселеңерди кандай чечип берели?» — деп сураганын көрбөй элемин».

Элдин 80%ы жакыр болуп, 10% бай жана 10%ы ортоңку катмарды түзгөн мамлекетте эч качан туруктуулук болбойт деп эсептейт мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров. Анын айтымында, тилекке каршы, өлкө ошондой абалда.

«Калктын 80%ы ортоңку катмарда жашаса, ошондо өлкөдө стабилдүүлүк болот. Ал эми дагы деле өлкөдө ушундай көрүнүш улана бере турган болсо, дагы бир  олку-солку иштер болушу мүмкүн. Ошондуктан азыр жасалып жаткан иштердин бири да жакырчылыкты жоюуга коошпогон маселелер. Ошол эле кызыл китеп берүү, ошол эле жер салыгынан бошотуу, жаңы салык кодесин киргизүү, мындан экономика көтөрүлбөйт да, жумуш  орундары түзүлбөйт да. Бар болгон бизнести сыртка чыгып кетүүгө аргасыз кылып жатышат. Мен буларды таптакыр туура эмес деп ойлойм. Пландуу иштерди алып баруу керек, ал жактан бир иш, бул жактан бир иш алып баруу менен маселе чечилбейт. Эң негизгиси, адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылып, билим берип, бир кесипке үйрөтүп, экономиканы жылдыруу керек».

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров ортоңку катмарды көбөйтүү үчүн ишканаларды куруп, аларга керектүү кадрларды даярдоо үчүн мектептерде жана кеситик окуу жайларды билимдин сапатын жогорулатуу керек деген ойдо.

«Ортоңку катмарды көбөйтүү жолу — жумушсуздукту азайтып, ишканаларды ачуу керек. Бүгүнкү күндө эл үчүн негизги киреше булак миграция болуп жатат. А бирок миграциянын акыры Кыргызстанга зыяны көп болчудай, анткени сыртта жүргөндөрдүн жарымы бала-чакасы менен ошол жакта калууда. Мындайча айтканда, элди жоготуп жатабыз. Кыргызстандын ичинде жумушчу орун көбөйтүү үчүн албетте ишканаларды, экспортту көбөйтүү керек. Ошол эле кезде ал ишканаларга билимдүү, квалификациялуу кадрлар керек. Демек, билим берүү тармагына көп жумуш жасоо керек. Бүгүнкү күндө мектепте билим деңгээл төмөндөп баратат. Колледждер керектүү билимди убагында бере албай жатат. Демек ушул эки тармак боюнча иштөө керек. Биз азыр эмнени көрүп жатабыз, рейддер жүрүп жатат, салыкты баарынан чогултабыз деген ниет болуп, жаңы салык кодексин киргизип жатышат. Бирок муну диалог менен эмес, басым аркылуу аткарганга аракет кылышууда».

Улуттук статистика комитети өлкөдө жакырчылык 25 пайыздын тегерегинде экенин билдирсе, Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча быйыл Кыргызстанда жакырчылык 35 пайызга жетиши мүмкүн. 2020-жылы жакырчылыктын көрсөткүчү 25,3% түзсө, 2019-жылы 20% болчу. Өлкөдө 1 млн 678 миң кедей бар, алардын 73,7 пайызы айыл тургундары болуп саналат.