Марал Радиосу

Экономика жана соода министринин жаңы орун басары дайындалды

Бүгүн, 27-декабрда, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жамаатына министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахмановду тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

Тиешелүү буйрукка ушул жылдын 17-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министр белгилегендей, Канат Абдрахманов буга чейин Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана соода бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Инвестициялар министрлигинде, Экономика жана коммерция министрлигинде кеңешчи болгон.