Марал Радиосу

БШК: 27-февралда эки округда кайра шайлоо өтөт

27-февралда №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра шайлоонун календарлык планын бекитти.

Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо көпчүлүк “бардыгына каршы” добуш беришкен. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.