Ош аэропортундагы тумандан улам Орусиядан келген эки учак Бишкекке конууга аргасыз болду. Бул тууралуу аба портунун маалыматына таянып, «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.
Бүгүн саат 08:00дөн тарта Ош эл аралык аэропортунда коюу туман болуп жатканына байланыштуу бир нече каттамдардын учуп-конушу кармалууда.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги аэропортко Москвадан жана Челябинскиден келе жаткан эки учак конду.
«Учуулар боюнча маалымат алуу үчүн «Манас» 0 312 693109 жана «Ош» 0 (3222) 90101 аэропортторунан текшерсеңиз болот.