Марал Радиосу

УКМК: «Кадастр» мекемесинин бөлүм башчысы камалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кармалып,  УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер алынган.

Эскерте кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С., Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы И.Г., Нариман айыл аймагынын башчысы Н.Х., коррупциялык топтун мүчөсү Н.Х. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башчысы А.М.Ж. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version