Марал Радиосу

Ысык-Көлдө айдоочу бакты сүзүп каза болду

Ысык-Көлдө «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 200-чакырымында Шалба айылында катталган. Анда  «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн.

ӨКМ билдиргендей, кырсыктын кесепетинен каза болгон жаран 1979-жылы туулган жаран Б.М. болгон.

Куткаруучулар кырсык болгон жерге келгенге чейин милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүн алып чыгышкан.