Марал Радиосу

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 9 миң 540 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада  коронавируска каршы 9 миң 540 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 4 миң 971 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 569 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 211 миң 407 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 997 миң 496 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.