Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.
Күн тартибинде Министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарылган иштери жөнүндө отчету жана Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы каралууда.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.