Марал Радиосу

Бишкекте президенттин катышуусунда өкмөт жыйыны өтүп жатат

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

Күн тартибинде Министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарылган иштери жөнүндө отчету жана Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы каралууда.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.