Connect with us

Баткен районунда жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 311 | 0

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылындагы «Барчын» балдар бакчасынын кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар бакчасынын ачылышына облус башчысы Абдикарим Алимбаев жетектеген тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Аталган мекеменин кошумча имаратынын курулуш иштери 2021-жылы башталып, азыркы учурда курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Имарат 50 орунга ылайыкташкан. Жалпы сметасы 3 млн 200 миң сомду түзүп, «Азат» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган. Балдар бакчасы керектүү эмеректер-жабдыктар менен толукталып, заманбап шартта бүткөрүлгөн.

Аталган айылда 6 жашка чейинки 1 миң 304 бала болсо, ал эми балдар бакчасына баруучу 3-6 жаштагы балдардын саны 822ни түзөт . Айылда 2006-жылда ачылган бир эле 110 орундуу «Барчын» балдар бакчасы болгондуктан, аталган балдар бакчасында азыркы учурда 222 бала тарбияланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM