Марал Радиосу

Жаңырган жылда тогуз күн катары менен эс алуу болот

Министрлер кабинети жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечимин кабыл алды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күн иштеген жарандар үчүн 2022-жылдын 1-9-январы эс алуу күн деп жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1-май, 5-май жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди эс алуу күн катары жарыялоо сунушу киргизилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.