Марал Радиосу

Эртең аткаруу бийлиги президентке отчёт берет

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышат.

Мындан сырткары, жыйынга Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдор катышат.

Министрлер Кабинетинин жыйналышы КТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз эфир 9:00дө башталат.