Марал Радиосу

Баткенде Апсамат Масалиев атындагы мектеп пайдаланууга берилди (сүрөт)

Бүгүн, 24-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Апсамат Масалиев атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ачылышына Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев катышканын облустук жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.

Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган. Апсамат Масалиев атындагы орто мектепти23-майында «Аминь» жоопкерчилиги чектелген коому салып баштаган. Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен да толук жабдылды.

Мектептин мурдагы имаратынын авариялык абалда экенин өлкө башчы Садыр Жапаров облуска жасаган иш сапарында көрүп, тезинен жаңы мектеп салуу тапшырмасын берген.

Баткен облусундагы 8 мамлекеттик-коомдук мекеменин курулушуна жана толук оңдоодон өткөрүүгө бюджеттен 250 млн сом бөлүнгөн.