Марал Радиосу

Султан Раев Казакстандын «Биримдик» алтын медалы менен сыйланды

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев Казакстандын «Биримдик» (Бірлік) алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Казакстан элинин ассамблеясынын мүчөсү Шавкат Исмаилов «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Биримдик» алтын медалын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев негиздеген. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын коомдук сыйлыгы болуп саналып, көптөгөн өлкөлөргө кеңири таанылган, коомдун кубаттоосуна ээ болгон казакстандык жана чет элдик жарандарга берилет.

Султан Раевге сыйлык Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого, ынтымакты жана туруктуулукту бекемдөөгө, кызматташтыкты арттырууга, улуттук маданияттарды жана достук мамилелерди жакындаштырууга жана байытууга салым кошкону, маданиятка сиңирген эмгеги үчүн берилгени айтылат маалыматта.