Марал Радиосу

Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучуларга сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу «Маралга» манасчы Самат Көчөрбаев билдирди.

Жалпы байге фонду 600 миң сомду түзгөн кароо-сынак 2 багытта өткөзүлөт. Биринчи багытта Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын, көлөмдүү терме-санат, насыят ырларын оригиналында (кыргыз тилинде) аткаруучулар ат салышса, экинчи багытта атактуу «Аруузатым» ырын орус, англис тилдерине которуп аткарып жүргөндөр өз күчүн сынайт.

Сынакка 15 жаштан 40 жашка чейинки бардык аткаруучулар катыша алат. Катышуучуларды иргеп алуу 15-январда КТРКнын концерттик залында, жеңүүчүлөрдү аныктоо ушул эле залда 16-январда болот.

Сынактын жыйынтыгы 17-январь Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган эскерүү айтышында чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.

Сынактын жалпы жобосу менен кеңири төмөнкү шилтемеге кирип тааныша аласыз:

Кароо-сынактын жобосу