Марал Радиосу

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 9 миң 52 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 52 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 4 миң 987 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 155 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 186 миң 334 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 992 миң 724 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

 

Exit mobile version