Марал Радиосу

«Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат

Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Жолугушуу жабык видеоконференция форматында өтөт.

Кечээ «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өткөн.

Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компанинин» тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышты. Ал эми экинчи тараптан «Центерра Голддун» президенти жана башкы директору Скотт Перри келди.

Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.