Бишкектеги Асанбай кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 06:28де Октябрь районунун бөлүмү, кошумча саат 06:30да 1 автошаты тартылган.
Өрт саат 07:07де чектөөгө алынып, 07:58де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон жок.