Марал Радиосу

Бишкек: №1 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү кайра иштей баштады

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоп-түзөө иштери жана жабдууларды шаймандарды жаңыртуу Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы 6 млн 856 миң 90 сом жумшалды.

Айта кетсек, банктын каржылоо долбоору COVID-19 менен күрөшкөн дарыгерлердин иштөөсүнө шарт түзүүгө багытталган. Анын алкагында көчмө рентген (1), УЗИ (1), вентилятор (4), кычкылтек концентратору (5), Тез жардам унаасын алып берүү маселеси да каралып жатат.