Марал Радиосу

Нургазы Нишанов «Кыргызнефтегаз» ишканасына жетекчи болду

«Кыргызнефтегаз» ишканасына Нургазы Нишанов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Мелис Тургунбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен.

Нургазы Нишанов 1983-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Билими жогорку, 2007-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун жеке ишкер катары баштаган. 2013-2014-жылдары «Кыргыз турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары, 2014-2015-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы, 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат, 2017-2020-жылдарда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасында башкы директор кызматтарын аркалаган.

2020-жылы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Буга байланыштуу башкы директор кызматын өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, «Кыргызнефтегаз» ишканасынын 85% акциясына Мамлекетттик мүлк фонду, 15% акциясына жеке тараптар ээлик кылат. Толук кандуу менчикке өтө турган ишканалардын тизмесине бул мекеме да киргизилген.