Марал Радиосу

Евробиримдик Кыргызстан үчүн маанилүү программа кабыл алды

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанды 2021-2027-жылдар аралыгында өнүктүрүү программасын кабыл алды. Ал өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Евробиримдиктин 2024-жылга чейинки программасынын алкагында башкаруу жана санариптештирүү, адамдык өнүгүү, жашыл экономика сыяктуу долбоорлорду каржылоого гранттар бөлүнөт.

Мындан тышкары Евробиримдик билим берүү тармагын реформалоо үчүн бюджеттик жардам программасын сунуштады, ал 2022-жылы бекитилет.

Ошондой эле программа аймактык кызматташтыкты колдоо ресурстары жана ERASMUS+ жогорку билим берүү программасы, сооданы өнүктүрүү, коопсуздук жана илимий кызматташуу сыяктуу маселелер менен толукталат.

Exit mobile version