Марал Радиосу

Рустамбек уулу Казакстанда өткөн бокс боюнча турнирде алтын медаль алды

17-декабрдан 21-декабрга чейин Казакстандын Караганда шаарында Галым Жарылгаповдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өттү. Анда кыргызстандык спортчу Рустамбек уулу Нурадин чемпион болду.

Нурадин 71 кг салмакта рингге чыккан.

Турнирде Кыргызстандын мушкерлери 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль алышты.

Мелдештерге катышкан 9 спортчуну улук машыктыруучу Улан Сагынбаев менен башкы машыктыруучу Кенжебек Мусакунов жетектеп барган.