Марал Радиосу

21.12.21: Өлкө боюнча 217 түгөй никеге турду

Кечээ, 21-декабрда өлкө боюнча 217 түгөй никеге турду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Түгөйлөр никени каттатуу үчүн ушундай кооз даталарды (21.12.21) тандашат. Себеби алар сандардын сыйкырына ишенишет», — деп айтылат маалыматта.

Жалпы баш кошкон 217 түгөйдүн 29у Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүнөн никеге турган.

Айта кетсек, мындан ары түгөйлөр нике күбөлүгүн алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) да кайрылса болот.

Өлкө боюнча 53 ЖААК (ЗАГС), Бишкекте бир үлпөт ордосу бар.