Марал Радиосу

«Жайшул-Махди» террордук тобунун лидери кармалды (видео)

Бүгүн, 22-декабрда «Жайшул-Махди» террордук тобунун лидери катары саналып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте жүргүзгөн операция учурунда Бишкек шаарынан 1980-жылы туулган Б.М. кармалган. Үйүн тинтүүгө алганда Калашников автоматы жана гильзасы жок магазин табылган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алынган курал боюнча соттук-укуктук экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.