Кыргызгидрометтин маалыматына караганда 23-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүзү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын багыты 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз 8…10 градус жылуу болоору күтүлөт.