Марал Радиосу

Бишкек мэриясы майыптыгы бар балдар үчүн балаты майрамын уюштурду

Бишкек мэриясы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты майрамын өткөргөнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Майрамдык салтанатка майыптыгы бар балдардын 11 адистештирилген бала бакчасынын жана 3 көмөкчү мектептин миңге жакын тарбиялануучусу чакырылган.

Аларга «Таберик» балдар музыкалык театры «Убакытка саякат» аттуу спектакль, ошондой эле майрамдык концерт тартуулашты.

Кечеге Бишкек мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева да катышып, балдарга мэриянын атайын белектерин тапшырды.