Марал Радиосу

Израилде «омикрон» штаммынан бир адам каза тапты

Израилде коронавирустун «омикрон»  штаммына чалдыккан бейтап каза тапты. Бул тууралуу Израилдин «Кан» мамлекеттик радиосу билдирди.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы бейтап эмдөөнүн эки дозасын тең алган. Вакцинанын экинчи компоненти менен эмделгенине жарым жылдан ашкан. Ошондой эле ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр да болгон.

Буга чейин да «омикрон» штаммынан Улуу Британияда жана АКШда эки адам каза тапкан.

Учурда «омикрон» штаммы 106 өлкөдө катталды.