Марал Радиосу

«Сальвадор Дали» тасмасы Москвадагы фестивалда 2 сыйлыкка ээ болду

Режиссёр Элдияр Мадаким тарткан «Сальвадор Дали» тасмасы Москвадагы премьера фестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу режиссёр өзү «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, тасма «Балалыктын кайталангыс дүйнөсүн чагылдырганы үчүн» атайын сыйлыгын жеңип алган. Ал эми Киноклубдар федерациясынын калыстар тобу режиссёрго «Жөнөкөй чындыктарды эске салган эрдиги үчүн» дипломун ыйгарган.

Иш-чара Москвада 17-декабрдан 21-декабрга чейин өттү.

Алдыда тасманы 2022-жылы Тайванда өтө турган XVIII эл аралык балдар фестивалынын «Мыкты драмалык кыска метраждуу тасма» номинациясына көрсөтүү мерчемделип жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин тасманын АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын сынактык программасына киргени маалымдалган.