Марал Радиосу

Миңден ашуун ымыркайга Айсулуу, Акжол, Мээрим, Айпери ысымдары коюлган

Олимпида оюндары өткөн август айынан бүгүнкү күнгө чейин төрөлгөн миңден ашуун ымыркайга Айсулуу, Акжол, Мээрим, Айпери ысымдары коюлду. Бул тууралуу Калкты каттоо департаменти билдирди.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган системасынан алынган маалыматка ылайык, 414 ымыркайга Акжол, 323 ымыркайга Айсулуу, 374 ымыркайга Мээрим, 279 ымыркайга Айпери ысымы берилген.

Айта кетсек, 23-июлдан 8-августка чейин Токиодо өткөн жайкы олимпиада оюндарында балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунду ээлеген.