Марал Радиосу

Нобель сыйлыгынын лауреаты Иван Буниндин китеби кыргыз тилинде басылды

Атактуу орус жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Иван Буниндин аңгемелери кыргыз тилине которулуп, басмадан жарык көрдү. Бул тууралуу китептин котормочусу Таштанбек Чакиев «Маралга» билдирди.

Аңгемелер топтому «Караңгы аллеялар» деген ат менен жарык көргөн.

Чакиевдин айтымында, бийликке каршы пикирлерди билдиргени үчүн Иван Бунинди Совет өкмөтү куугунтукка алып, Францияга башпаанек сурап кетүүгө аргасыз болгон. Котормо китепке кирген 16 аңгемени автор ошол өлкөдө жүргөндө жазган.

Аңгемелерди жалпылаштырып турган негизги өзөк — сүйүү темасы. Ошол эле учурда большевиктик революциянын, биринчи дүйнөлүк согуштун адамзатка тийгизген таасири, анын кесепеттери, азап, өлүм коштогон тагдыр да козголот. Аңгемелерде автордун Мекенине болгон кусалыгы да кыйыр да, түз да чагылдырылган.

Китептин котормочусу, акын Таштанбек Чакиев бул эмгеги үчүн Орусиянын «Алтын калем» сыйлыгын, Иван Бунин медалын алды.