Марал Радиосу

Окуучулардын кышкы каникулу качан болору айтылды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күн болот. Сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат.

2021-2022-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.