Марал Радиосу

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,493 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 20-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 493 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 181 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 501 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Exit mobile version