Марал Радиосу

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 274 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө  COVID-19 инфекциясы менен катталгандардын саны 274 миллиондон ашты. Бул тууралуу «MIR 24» жазды.

Короновирус жугузгандардын жана каза болгондордун саны боюнча сап башында АКШ турса, Индия экинчи, Бразилия үчүнчү орунда турат.

Буга чейин Орусия керек-жарак кызматынын жетекчиси Анна Попова дүйнө жүзү боюнча «омикрон» штаммы тез жайылып, коркунуч жаратып жатканын айткан.

«Биз Улуу Британияда, Африкада кырдаал курчуп баратканын көрүүдөбүз, анда күн сайын аныкталган учурлардын 75% дан ашыгы «омикрон» штаммы деп чыгууда. Түштүк Африкада да ушундай кырдаал», — деди Попова.