Марал Радиосу

Президент УКМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда УКМК кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, майтарылгыс эрк каалаган.

«Сиздердин ишмердик — мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү. Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис.

Биздин атайын кызмат өлкө жарандарынын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин, конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы терс аракеттерден коргоо жаатындагы негизги милдеттерин татыктуу аткарууда. Ошентсе да бул кесиптин жоопкер өкүлдөрү катары Мекенибизге каршы ыктымал коркунучтардын алдын алууга ар дайым даярсыздар деп ишенем», — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле президент өз кесибине жоопкер, абийирдүү, атуулдук сезими артык, өз ишинин мыкты адистери гана мындай түзүм катарында кызмат өтөй турганын белгилеген.