Марал Радиосу

Акыркы суткада коронавирус 23 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-декабрга карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 19, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.