Марал Радиосу

Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси жылдын аягына чейин уланат

Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

Жарманкеде ортомчусуз 50дон ашык өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана тамак-аш продукциясын дүң баа менен сатып алууга мүмкүн болот.